Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы көйгөйлүү маселелердин бири бул - жол тыгындары
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы көйгөйлүү маселелердин бири бул - жол тыгындары

Бул маселени чечүү максатында Кытай мамлекети тарабынан берилген гранттын эсебинен шаардын бир катар жолдору салынып жатат. 

Курулуп жаткан жолдордун негизгилери ачылса Бишкек жол тыгындарынан жеңилдей түшөт. 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы баш болгон шаар кызматтарынын өкүлдөрүнөн турган комиссия экинчи көчмө жыйынга чогулуп, курулуп жаткан жолдордун сапаты менен жеринде таанышты. Муну менен катар комиссия мүчөлөрү бир катар социалдык объектилерди кыдырды. 

Бишкек шаарынын Түндүк магистралы же Профсоюзная көчөсү. Бул көчөдө жолду салуу жумуштары Фучиктен Костонайский көчөсүнө чейинки тилкеде жүрүп жатат. Азыр жолду оңдоо жумуштары дээрлик аяктап калды. Жолдун жазылыгы он жарым метр, ал эми узундугу үч жарым чакырымды түзөт. Жолдун эки тилкесине асфальт төшөлдү. Учурда жолдун чеке белин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Ошентсе да Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясы тарабынан жолдун сапатына байланыштуу эскертүүлөр болду. 

Ал эми Кустанайская көчөсүндө азырынча жумуштар солгун жүрүүдө. Себеби жергиликтүү тургундардын тосмолору жол четине чейин чыгып кеткен. 

Жергиликтүү тургундар болсо пикирин билдирүүдөн баш тартышты. Кустанайский көчөсүнүн башка бир тилкесинде да ушуга окшогон эле маселе бар. Бирок мындагы жергиликтүү жашоочулар жолдогу курулушту көрүп, өз каалоолору менен тосмолорун жылдырышкан. 

Жолдор менен кошо комиссия мүчөлөрү мыйзамсыз курулуштар менен таанышты. Дэн Сяопин көчөсүнүн четине жеңил конструкциядагы курулуш гана жүргүзүүгө уруксат бар. Бирок ага карабастан кадимки имараттар салынып калган. Жергиликтүү тургундар тез жардам, өрт өчүрүү сыяктуу кызматтардын өтө албай убара болгонуна нааразы. 

Ноябрь айынын орто ченинде бул жерде муниципалдык автобустарды тейлеген бекеттин курулуш иштери башталат. Кыдырып барган комиссия жаратылыш газы менен толтура турган жайдын даярдык иштерине күбө болушту. Бекет ишке берилсе бир күндө 350 автобусту тейлөөгө мүмкүн болот.