Жаңылыктар
Быйыл күрүчтүн түшүмдүүлүгү башка жылдарга салыштырмалуу жакшы
Айыл чарба
Быйыл күрүчтүн түшүмдүүлүгү башка жылдарга салыштырмалуу жакшы

Сузак районунда шалы оруп жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Учурда дыйкандар орулган шалыларын талаадан алып чыгып, кургатып, атайын тазалоодон өткөрүшүүдө. 

Дыйкандардын айтымында күрүчтүн түшүмдүүлүгү башка жылдарга салыштырмалуу жакшы. Ал эми Сузак районунда жалпы 44 миңден ашуун дыйканчылык жери болсо, анын 3 миң гектар аянтына күрүч эгилет. Бирок дыйкандар шалыны кургатууда кыйынчылык болуп жатканын айтышат, анткени атайын кургатуучу кырмандар жок болгондуктан, айылды аралап өткөн асфалть жолдун жээгине шалыны жайып кургатууга туура келүүдө. Бул өзгөчө кооптуулук жаратат.

“Бул шалы 70 сотка жерден чыкты. Дезира деген сорт. Бул жерге алып чыгып жайганга чейин иши көп. Биринчи кызытабыз анан комбайндан өткөрөбүз. Андан соң, өтө ысык эмес аба ырайына кургатабыз. Эгер туура эмес кургатсаң күрүч сынып кетип, жакшы болбой калат. Биздин райондо дыйканчыктын басымдуусу шалы болот”,- деди Сузак районунун тургуну Толкунбек Өсөров.

“Райондун 8 айыл өкмөтүндө күрүч эгилет. Бирок дыйкандар деле күрүчкө басым жасап жатышат. Базар экономикасында көбүрөөк киреше алып келип жатат. Ал эми көбүнчө алаңга, мустакил жана дезира сорту көп эгилип жатат”
,- деди Сузак районунун акиминин орун басары Төрөгелди Түркбаев.