Жаңылыктар
Жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берди
Саясат
Жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берди

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында жаңыдан бекитилген министрлер кабинети жалпы элдин, парламенттин жана президенттин алдында ант беришти. Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаңыдан дайындалган премьер-министр менен өкмөт мүчөлөрү парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет. 

Министрлер кабинетинин антын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жалпы депутаттардын атынан өкмөт мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишине ийгиликтерди каалады.