Жаңылыктар
Билим берүүдөгү баа саясаты
Экономика
Билим берүүдөгү баа саясаты

Экономика министрлиги билим берүүдөгү кызмат көрсөтүүнүн бааларын мамлекет тарабынан жөнгө салууну жокко чыгарууну сунуштоодо. Министрлик буга багытталган токтомдун долбоорун өкмөттүн кароосуна киргизди. Чиновниктердин пикиринде бул - мамлекеттин билим берүү тармагында атаандаштыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт. 

"Бүгүнкү күндө билим берүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөр атаандаштыктын негизинде түзүлүп жаткандыктан, анын баа саясатын мамлекет тарабынан жөнгө салуунун зарылчылыгы жок, мындай практика атаандаштык чөйрөсүндө натыйжасыз жана тармакты өнүктүрүүнү артка тартууда. 

Мындан сырткары жеке окуу жайларда билим алуунун баалары мамлекет тарабынан жөнгө салынбайт, ошол эле учурда атаандаштыктын шарттары мамлекеттик жогорку окуу жайлар менен бирдей коюлууда", -деп айтылат билдирүүдө. 

Белгилүү болгондой, монополияга каршы органдарында тарифтердин негиздүү же негизсиз белгиленгендигин текшерүү укугу калтырылып, бул тартип эгер билим берүү жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары боюнча жарандардан кандайдыр бир арыз-даттануулар түшкөн учурда колдонулат.