Жаңылыктар
БШК: президенттик кызматка 13 талапкер ат салышууда (тизмеси)
Шайлоо 2023
БШК: президенттик кызматка 13 талапкер ат салышууда (тизмеси)

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады. Жогорку мамлекеттик кызмат үчүн 13 жаран ат салышат. Алар төмөндөгүлөр:

1. Темир Сариев. "Ак шумкар" партиясы тарабынан көрсөтүлгөн, 54 жашта. Акыркы иштеген орду - "Кыргызгипстрой" ачык акционердик коомунун долбоордук институту.

2. Өмүрбек Бабанов. 47 жашта. Өзүн-өзү көрсөткөн. Учурда "Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясын жетектеп келет.

3. Сооронбай Жээнбеков. КСДП партиясы тарабынан көрсөтүлгөн, 58 жашта. Талапкерликке чейин Кыргыз Республикасынын пермьер-министри болчу.

4. Бакыт Төрөбаев. "Өнүгүү-Прогресс" партиясы көрсөткөн талапкер, 44 жашта. Жеке ун тартуучу бизнес менен алектенип, кийин парламенттин депутаты болду.

5. Эрнис Зарлыков. Өзүн-өзү көрсөткөн, 50 жашта. Шайлоого катышууга чейин Бишкектин биринчи вице-мэри кызматын аркалап келген.

6. Адахан Мадумаров. Өзү жетектеген "Бүтүн Кыргызстан" партиясы тарабынан көрсөтүлдү, 52 жашта.

7. Азимбек Бекназаров. Өзүн-өзү көрсөткөн, 60 жашта. Жогорку юридикалык билими бар. Жакында эле кылмыш ишине тиешеси бар делип , сотто жалган көрсөтмө бергендиги үчүн айыпталууда.

8. Арстанбек Абдылдаев. Өзүн-өзү көрсөткөн, 49 жашта.

9. Таалатбек Масадыков. Өзүн-өзү көрсөткөн, 56 жашта. "Дүйнө генералдары - тынчтык үчүн" коомдук бирикмесинин башчысы.

10. Улукбек Кочкоров. Өзүн-өзү көрсөткөн, 43 жашта. Буга чейин Жогорку Кеңештин V -чакырылышынын депутаты болгон. Улуттук коопсуздук кызматынын мудагы кызматкери, полковник.

11. Токтайым Уметалиева. Өзүн-өзү көрсөткөн, 55 жашта. Жогорку билими бар, адистиги боюнча физик. Жалгыз аял-талапкер. Президенттикке 4-жолу аттанууда.

12. Арсланбек Малиев. Өзүн-өзү көрсөткөн, 59 жашта. Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Чет өлкөлөр менен кыргыз коомунун достук жана кызматташуу уюмунун президенти.

13. Камчыбек Ташиев. "Ата Журт" партиясы тарабынан көрсөтүлгөн, 48 жашта. "Бийликти күч колдонуу менен басып алуу аракети" беренеси боюнча айыпталган, бирок шарттуу түрдө кесилип, кийин соттолгондугу жоюлган.

Тизмеден кимдир бирөө баш тартып жана шайлоого катышпай да калуусу ыктымал. Азырынча талапкерлер мындай мүмкүнчүлүккө ээ.