Жаңылыктар
Курутту кургатуучу жаңы техника ойлоп табылды
Билим
Курутту кургатуучу жаңы техника ойлоп табылды

Борбор Азиядагы Америка университетинин окумуштуулары курутту кугартуучу жаңы техника ойлоп табышты. Бул элетте жашаган жарандар үчүн ыңгайлуу аппарат катары сунушталууда. Бүгүн аталган окуу жайда жаңы техниканын бет ачар аземи болуп өттү. 

Иш чарага келгендер аппарат кургаткан курут жана башка жемиш кактарынан даам сызышты. 

Жаңыдан сунушталган техника чакан жана орто ишкерчилик менен шугурлангандар үчүн киреше булагы болорун адистер белгилешет. Анткени анда кургатылган азыкты экспорттоого да ыңгайлуулук жаралат дешет.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"