Жаңылыктар
Эки тараптуу жолугушуунун алгачкы жемиши “Достук” өткөрмө бекетинин ачылышы
Чек ара
Эки тараптуу жолугушуунун алгачкы жемиши “Достук” өткөрмө бекетинин ачылышы

Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын жолугушуусу жемиштүү болду. “Достук-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы буга жакшы мисал боло алат. 

Бул маселенин чечилишине чек ара аймактарында жашаган калк ондогон жылдар бою суусап келишкен. Кыргызстан менен Өзбекстан суверенитеттүү болгондон бери эки мамлекеттин чек арасында 15 көзөмөл-өткөрүү пункттары болгон. Алардын сегизи эл аралык, экөө жеңилдетилген шартта иштесе, калган бешөө эки тараптуу иштеген. 2010-жылдан бери көзөмөл-өткөрүү пункттарынын бешөө гана чектелүү түрдө иштеп калган.