Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 2015-жылдын 7-сентябрында узакка созулган оорундан улам 96 жаш курагында каза тапкан.
Ал 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районунун Кочкор айылында туулган.
Турдакун Усубалиев 24 жыл 5 ай 24 күн Кыргыз Республикасын жетектеген.
Ал "Манас", 4 "Ленин", "Октябрь революциясы", 2 "Эмгек Кызыл Туу" ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Мамлекетке жана Кыргызстан элине кылган эң көрүнүктүү эмгеги үчүн 1999-жылы “Ак шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылган, Кыргыз Республикасынын Баатыры.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"