Жаңылыктар
Жеткиликтүү насыяны камсыздоо маселеси
Экономика
Жеткиликтүү насыяны камсыздоо маселеси

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында бүгүн Россиянын каржы министри Антон Силуанов менен жолукту. Жолугушууда ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде кыргыз-россиялык өнүктүрүү Фондунун ишмердигинин негизги багыттарын каржылоо боюнча кызматташтыктын маселелери талкууланды. 

Мамлекет башчысы Кыргызстан ишкерлеринин, кайра иштетүүчүлөрдүн жана фермерлердин ыңгайлуу шартта төмөнкү пайыздуу насыяларды алуусун иш жүзүндө камсыз кылуу үчүн кыргыз-россиялык өнүктүрүү Фондунун ишинин натыйжалуулугунун зарылдыгын баса белгиледи. 

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Кыргызстандын интеграциялык процесске катышуусунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн кыргыз-россиялык өнүктүрүү Фонду өлкөнүн негизги тармактарын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык келтирүүгө өбөлгө болууга тийиш.