Жаңылыктар
Улуттук кардиология борбору заманбап медициналык жабдууга ээ болду
Ден соолук
 Улуттук кардиология борбору заманбап медициналык жабдууга ээ болду

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору жүрөк оорулууларын алдын алчу жаңы заманбап медициналык жабдууга ээ болду. Техника донорлор тарабынан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына берилип, андан соң окумуштуулар кеңеши тарабынан жабдыкты кардиология борборуна ыйгаруу чечими кабыл алынган. Салтанаттуу тапшыруу аземине дарыгер, медицина илимдеринин доктору Раиса Атамбаева катышты.

Малина Нонадзе жүрөк ооруну дарылачу башкы борбордо 40 жылдан бери эмгектенет. Ал дарттан даба издеп келген нечендеген бейтапты сакайтууга салымын кошкон ах халатчандын бири. Тажрыйбалуу дарыгер жаңы келген жабдыктын жардамы көп адамга тиет деп кубанычы койнуна батпай турат. Аппарат жүрөктүн ритминин бузулушун калыбына келтирчү негизги жабдык болуп саналат. Биринчи айым мындай жаңылануу калктын саламаттыгына он таасир тийгизет деп билдирди. Ошондой эле жабдыктын жардамы менен студенттер дарылоо ыкмаларын үйрөнө алышат. Мындай заманбап жабдык Кыргызстандын мамлекеттик медициналык мекемелеринде жок. Көп жарандар жүрөгүнүн абалын текшертип келүү максатында башка өлкөлөргө барууга туура келчү. Мындай жабдык медицинада 1980-жылдан бери колдонулуп көп адамдын өмүрүн сактап калган. Кардиология борборуна жылына 12 миңдей бейтап жатып дарыланса, 70 миңдей адам кеңеш сурап кайрылат. Датка даба болчу жабдык Кыргызстанда дагы иштей баштады.