Жаңылыктар
"Тез жардам" кызматына автоматташтырылган башкаруу системасы киргизилүүдө
Ден соолук
"Тез жардам" кызматына автоматташтырылган башкаруу системасы киргизилүүдө

Бишкек шаарынын тез жардам кызматына ар күн сайын жүздөгөн кайрылуулар болот. Алардын муктаждыгын аткарууда дары дармек жетиштүү. Бирок, кызматкерлердин тартыштыгы түйшүк жаратууда. Калкынын саны миллиондон ашуун Бишкек шаарына 124 тез жардам топтору зарыл болсо, учурда ал үч эсеге аз. Мындан улам калаа тургундарынын кайрылууларына жардам кечиккен учурлар бар. Кызматкерлердин тартыштыгы муну менен чектелбейт. Тез жардам кызматынын даяр орундарына дагы дарыгерлер жетишсиз болууда. Көйгөй маянанын төмөндүгүнөн улам жаралган. Бул көйгөйдү жоюда шаар бийлиги көмөк көрсөтүүдө.

Мэриянын эсебинен “тез жардам” кызматынын дарыгерлерине кошумча каражат берилип жатат. Эрежеге ылайык жардамга муктаж адамга шашкан автоунаага айдоочулар жол бошотуп бериши шарт. Бирок, айрым учурларда ойго келгис окуялар болот. Жалган чалуулар менен катар тез жардамды убагында көрө албай калган жарандардын жакындары нааразылыгын муштум менен көрсөткүсү келген учурлар бар. Былтыр мындай көрүнүш 17 ирет катталган. Саламаттык сактоо министрлиги “Тез жардам” кызматындагы көйгөйлөрдү жою үчүн аракет көрүлүп жатканын билдирүүдө. Мекеме автоунаалардын жаңыланып жатканын буга мисал келтирет. Эми кайрылууларды кабыл алууда диспетчердик кызматтын автоматташтырылган системасы түзүлөт. Министрлик дарыгерлердин тартыштыгы да жоюлаарына ишендирүүдө.