Жаңылыктар
Кыргызстан алдыда өнүгүү жолуна түшкөн мамлекеттердин катарына кошулат
Экономика
Кыргызстан алдыда өнүгүү жолуна түшкөн мамлекеттердин катарына кошулат

POST1RIGHT

Кыргызстан алдыңкы төрт, беш жыл ичинде экономикасы күчтүү, ар тараптан өнүгүү жолуна түшкөн мамлекеттердин катарына кошулат. Буга акыркы 6 жылда өлкөнүн тышкы саясатта алган орду, өнүккөн мамлекеттердин чоң ишеним менен кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө салган инвестициялары, өлкөдө өндүрүлгөн продукциялардын Евразиялык экономикалык аймакка эркин чыгуусу өнүдүрүү көптөгөн жетишкендиктер буга айныгысыз мисал боло алат. 

Бул аракеттер өнүгүүнүн негизги базасын түздү. Мурда алыскы  өлкөлөр турсун, коңшу мамлекеттердин теңсинбеген аракеттерине  баш көтөрүп жооп бере албаган Кыргызстан, бүгүнкү  күндө  эл аралык чөйрөдө  кадыр баркка ээ  болуп,  өз алдынча мамлекет катары дүйнө коомчулугуна таанылды дешет талдоочулар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"