Жаңылыктар
Президент Алмазбек Атамбаев жумуш сапары менен Нарын облусунда
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Алмазбек Атамбаев жумуш сапары  менен Нарын облусунда

Президент Алмазбек Атамбаев Нарын дубанына жасаган жумуш сапарынын алкагында облус борборунда көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоо аземине катышты. Мамлекет башчысы долбоор менен таанышып, жеткиликтүү турак жай программасы Нарында бир үйдү салып коюу менен чектелбестигин белгиледи. Курулуш иштери тынымсыз жургүзүлүп, облус борборунун көрүнүшү өзгөрөт. 

Атамбаев калкты турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин алдыга койгон негизги максаты экенин, жакынкы 5-10 жылда үйгө муктаж бардык жарандардын бул көйгөйүн чечүү зарылдыгын кошумчалады. 

Ошондой эле кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө да токтолуп, анын каражаттарын жаңы ишканаларды ачууга сарптоо менен эл арзан насыя алууда автивдүү болуп, аймактарды, жалпы эле өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүшү керек экенин айтты. Элди ынтымактуу болууга чакырып, өзүнө ишеним артып, колдоо көрсөткөнү үчүн Нарын шаарынын тургундарына ыраазычылык билдирди.