Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан унаадагы төрт киши тирүүлөй өрттөнүп кетти
Кырсык
Ысык-Көлдөгү жол кырсыктан  унаадагы төрт киши тирүүлөй  өрттөнүп кетти

Ысык-Көл районунда Лексус үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, төрт киши тирүүлөй  өрттөнүп кетти. Жол кырсыгы болгон Балыкчы-Ананьево-Каракол каттамынын 113 чакырымында учурда милиция кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иштеп жатат. 

Лехсус унаасынын айдоочусу Ананьеводон Чолпон-Атага бара жатып, Григорьевка айылынан рулду башкара албай, кырсыкка учураган. Анын кесепетинен машинанын ичиндеги үч киши жана айдоочу күйүп кеткен. Азырынча алардын аты-жөнү тактала элек. Унаадан документтер табылган жок. Болгону бир сим-карта табылды. Ошол аркылуу күйүп кеткендердин ким экендигин аныкталмай болду