Жаңылыктар
Флориданын "Ирма" куюнунун коркунучунда турган 500 000 тургуну эвакуацияланат
Дүйнө
Флориданын  "Ирма" куюнунун коркунучунда турган 500 000 тургуну эвакуацияланат

Кариб бассейнининде жашаган калктын жарым миллиону Ирма бороонунан жабыркады. Дагы 26 миллион адам коркунучта. Маалыматтарга караганда, Атлантика океанынан көтөрүлгөн эң күчтүү куюн Барбадостогу бардык имараттарды жок кылып, Пуэрто-Рикону электр жарыгысыз калтырды. 

Андан сырткары, куюн Британ Виргин, Сен-Мартен, Сен-Бартелеми, Сент-Китс жана Невис аралдарына да жеткен. Ирма куюну - 5-категориядагы эң кубаттуу атлантикалык тропикалык циклон деп эсептелет. Ал акыркы жолу 2010-жылы көтөрүлгөн эле.