Жаңылыктар
Улуу манасчы тууралуу тартылган "Саякбай" көркөм тасмасынын бет ачары болду
Маданият
 Улуу манасчы тууралуу тартылган  "Саякбай" көркөм тасмасынын бет ачары болду

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрүн жана чыгармачылыгын чагылдырган "Саякбай" көркөм тасмасы жалпы элге көрсөтүлдү. Бул тасмада 20-кылымдын Гомеринин бейнеси сүрөттөлөт. 

Саякбай Каралаевдин ролун үч актер ойногон: Марат Жанталиев манасчынын карыган кезин ойносо, орто жашын Бактыбек Нурмат уулу, ал эми бала чагын Үмөт Дөөлөт уулу аткарган. Ошондой эле, кинодо Чыңгыз Айтматов да бар. Улуу жазуучунун образын анын уулу Элдар Айтматов жараткан. Режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Эскерте кетсек, аталган тасма эл аралык Монреал кинофестивалында "мыкты инновациялар үчүн" категориясында "Алтын Зенит" сыйлыгына арзыды.