Жаңылыктар
“Саякбай манасчы” толук метраждуу тасмасы кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланды
Маданият
“Саякбай манасчы” толук метраждуу тасмасы кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланды

7-Сентябрь – Саякбай Каралаевдин туулган күнү. Дал ушул күнү “Саякбай манасчы” толук метраждуу тасмасы кыргыз көрүүчүлөрүнө тартууланды. Эми ушул күндөн тартып бардык кино театрларда көрсөтүлө баштайт. 

XX кылымдын Гомери атанган улуу манасчы Саякбайдын образын жаратууда бала чагын кичинекей манасчы Үмөт, ал эми улгайган курагын актёр Марат Жанталиев, байбичеси Бейшекандын ролун Кыргыз Республикасынын эл артисти Тынара  Абдразаева аткарган. 

Залкар  жазуучу  Чыңгыз Айтматовдун ролун  уулу Элдар Айтматов аткарганын көрүүчүлөр кызыгуу  менен кабыл алды. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”