Жаңылыктар
Кыргызстанды өзгөрткөн алты жыл
Саясат
Кыргызстанды өзгөрткөн алты жыл

Кыргызстанда акыркы алты жыл ичинде орун алган өзгөрүүлөр өлкөнү толук көз карандысыз кылып, кайра жаралуу идеясы ийгиликтүү ишке ашты. Бул тууралуу өлкөнүн бир катар саясий серепчилери бүгүн "Алмазбек Атамбаевдин президенттик жылдарынын жыйынтыгы" аталышындагы тегерек үстөлдө билдиришти. Адистер анда өлкө башчынын ички жана тышкы саясатта алып барган иштери, энергетика, экономика, шайлоо процесстери, бизнеске шарт түзүү, адам укуктары жана сот реформаларына чейинки маселелерди талкуулашты.

Саналуу айлардан кийин Кыргызстан жаңы президентке ээ болот. Ал арада саясий серепчилер, ар тармактын адистери Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык иш жыйынтыгына баа бере башташты. Негизги маселе-акыркы алты жылда Кыргызстан кандай болуп өзгөрдү? 

Президент Алмазбек Атамбаев келечекке багытты аныктоо үчүн жалпы улуттук тынчтыктын үлгүсүн түптөө керектигин биринчилерден болуп түшүнгөн. Мындай пикирин “Перспектива” иликтөө бирикмесинин жетекчиси Валентин Богатырев билдирди. Анын айтымында, сөз өлкө башчынын үч кадамы- улуттук кайра жаралуу, жаңы элитаны түптөө жана бийликтин жаңы философиясы тууралуу болуп жатат.