Жаңылыктар
Өкмөт "Кумтөр" боюнча өз пикирин билдирди
Экономика
Өкмөт "Кумтөр" боюнча өз пикирин билдирди

Өкмөт "Республика Ата-Журт" фракциясынын "Кумтөрдүн" акциялары боюнча кабыл алган чечимине карата өз пикирин билдирди. Анда 2015-жылы "Центерранын" акцияларынын биринчи эмиссиясынан тартып, ушул учурга чейин Кыргыз өкмөтү жана "Кыргызалтын" ишканасы бир жана көз карандысыз экени белгиленет. Ошону менен бирге "Центерранын" каржы рыногунда келишим түзүүгө мыйзамдуу акысы бар экенин сыйлап, өкмөт "Центерранын" кошумча эмиссиялардын эсебинен жаңы активдерди сатып алуу ылайыксыз деп айтылат билдирүүдө.

“Республика Ата-Журт” фракциясы Кумтөрдүн акциялары боюнча маселени талкуулап, “Томсон крик Металс” компаниясынын активдерин сатып алуу макулдашууну жокко чыгаруу керек деген чечимге келди. Жыйын бүтөөрү менен социалдык тармактарда жана коомчулукта фракциянын жыйыны ар кандай пикирлерди жаратып, алар фракция лидеринин көз карашын популисттик билдирүү катары болгонун айтып чыгышты. Бул багытта Өкмөт фракциясынын кабыл алган чечимине карата өз позициясын билдирди. Анда “Кыргызалтын” ишканасы көрсөткөн “Центерра” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрү, 2015-2016-жылы да “Кыргызалтын” ишканасынын үлүшүн томөндөтүүгө алып келе турган акциялардын кошумча эмиссиясына каршы добуш беришкен. Тактап айтканда “Центерранын” Кыргызалтын көрсөткөн директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн каршы болгонуна карабай компанияны сатып алуу боюнча макулдашуу колдоо тапкан.