Жаңылыктар
Кочкор районунун Чекилдек айылында жаңы мектептин ачылыш салтанаты өттү
Билим
Кочкор районунун Чекилдек айылында жаңы мектептин ачылыш салтанаты өттү

Нарын облусунун Кочкор районунун Чекилдек айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылды. Мектептин курулушу 2 жыл мурда эле башталган эле. Билим берүү мекемесинин курулушуна 50 миллион сомдон ашык каражат сарпталган.

Нуржамал Тентимишова биринчи класстын окуучуларын жаңы мектепке баштап баратат. Быйыл 1-класстын окуучулары эски мектепте 9 гана күн окушту. Эми кенен жана жарык класстарда окушат. Биринчи класстын окуучулары азыр жазганды үйрөнүп жатышат. Тегерекчелерди жана таякчаларды сулуулап жазууга аракеттери күч. Окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мисалы, ар бир партада учтагыч, өчүргүч, калем саптарды сала турган атайын идиштер коюлган.