Тепкичтен кулап кетип, белден ылдый кыймылсыз болуп калган кичинекей мекендешибиз Айлуна кайрадан басуу бактысына ээ болду. Кызга операцияны былтыр ноябрда, травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда академик Сабырбек Жумабеков жасалган. Айлуна менен Сабырбек Жумабеков ата-баладай эле бири-бирине жакын болуп калыптыр. Бала болсо да анын айыгып кетүүсү үчүн бар аракет аябаганын туйган кыз дарыгерден чоочуркабайт.
Жакшынакай эле чуркап жүргөн кыз короодо ойноп жатып тепкичтен кулап кетет. Кырсыктан 1-2-бел омурткасы сынып, чыгып кеткен. А тургай жүлүнү да үзүлгөн. Наристесине дабаа издеп калаага келген эне балдардын ооруканасына кайрылат, ал жактын дарыгерлери Сабырбек Жумабековго көрсөтүү керектигин сунушташкан.