Жаңылыктар
Төкмө акын Идирис Айитбаевге Өзбекстан президентинин белектери тапшырылды
Маданият
Төкмө акын Идирис Айитбаевге Өзбекстан президентинин белектери тапшырылды

Төкмө акын Идирис Айтибаев Өзбекстан президентинин белектерин алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.  7-августта   Ош шаарынын тиешелүү делегациясы менен биргеликте Андижан шаарына барган төкмө акын Идирис Айитбаевге белекке берилген Chevrolet Malibu автоунаасынын жана батирдин ачкычы тапшырылды.

Эскерте кетсек, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келген иш сапарында төкмө акын Идирис Айитбаевге унаа жана батир белек кылган. Бул туурасында Андижан облусунун акими Шухрат Абдурахмонов “Достук” чек арасынын ачылышында билдирген эле.

Акынга 3 бөлмөлүү батир жана автоунаанын ачкычын Андижан облусунун акими өз колу менен тапшырды. Акын Идирис Айтибаев белекке алган батири жана унаасы туурасында айтып, комуздун коштоосунда  Өзбекстан президентине жана акимчиликке терең ыраазычылык билдирди.   

Тапшыруу аземине акындын атасы Абдусаттар Айитбаев жана туугандары да келип катышкан. Аземден кийин төкмө акын Идирис Айтибаев Андижан облусундагы туулган айылына барып, жакындары жана айылдаштары менен көрүшүп кайткан.