Жаңылыктар
Президенттик шайлоонун үгүт иштери 10-сентябрдан тартып башталат
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоонун үгүт иштери 10-сентябрдан тартып башталат

Кыргызстанда өтчү президенттик шайлоонун үгүт иштери 10-сентябрдан тарта башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Мамлекет башчылыкка аттангандар үгүт иштерин 13-октябрга чейин улантат. Аларга үгүт өнөктүгүндө мамлекеттик телеканал, радиолордон акысыз эфирлер берилет. 

Мындан сырткары, жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды, дискуссияларды жана жүрүштөрдү уюштура алат. Шайлоого бир күн калганда, 14-октябрда өлкөдө «жымжырттык күнү» жарыяланат. 

Ал эми шайлоонун жыйынтыгын Боршайком 4-ноябрдан кечиктирбей жарыялашы керек. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда БШКга 13 талапкер расмий түрдө катталды.