Жаңылыктар
Бүгүн "Ак калпак" майрамы
Маданият
Бүгүн "Ак калпак" майрамы

"Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил"-, кыргыздын мына ушундай улуу сөзү бар. Акыркы жылдары ак калпак күнү элибиздин жашоо- турмушунда эң маанилүү күндөрдүн бири болуп калды. 

Бүгүн бул майрамга Сокулук жергесинде өзгөчө шаң берилип, миңдеген улан- кыздар ак калпак күнүн эсте калаарлык патриоттук сезим менен өткөрүштү. 

Шопоков шаарынан чыккан 700дөй улан кыздар колдоруна желек, ар кандай кыргыз турмушун элестеткен жасалгаларды көтөрүп, район борборуна бет алышса, районго жамааташ жайгашкан айылдардан кошулуп 2 миңге чамалаш ак калпакчандар менен майрамдык маанайда кийинген кыздар район борборуна музыканын коштоосу менен чогулуп, айлана ыр- күүгө бөлөндү. Айрыкча бөбөктөрдүн аткаруусундагы "Кара жорго" бийи келген элдин маанайын көтөрдү.