Жаңылыктар
С.Исаков: "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна пландуу жана мазмундуу даярдыктарды көрүү зарыл"
Кыргызстан жаңылыктары
С.Исаков: "III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна пландуу жана мазмундуу даярдыктарды көрүү зарыл"

Кыргызстанда 2018-жылы Үчүнчү Көчмөндөр оюну өтөт. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүдө кандайдыр бир маселелер жаралбашы үчүн пландуу жана мазмундуу даярдыктарды көрүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков 8-сентябрда өкмөттүн жыйынында билдирди. 

Ал оюнду өткөрүүгө катышуу ниетин билдирген демөөрчүлөр менен иштешүүгө көңүл буруу зарылдыгын айтты. Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан.