Жаңылыктар
Кумтөр боюнча экологиялык төлөм 10 эсеге көбөйтүлдү
Экономика
Кумтөр боюнча экологиялык төлөм 10 эсеге көбөйтүлдү

Жыйырма жылдан ашуун Кыргызстандын дээрлик бардык өкмөттөрүнүн баш оорусу болуп келген Кумтөр маселеси дагы деле көйгөй болуп калууда. Негизги маселе эмнеде? 95-жылдан тарта эле Кыргызстан Центерра компаниясындагы өз үлүшүнүн көлөмүн көбөйтө албай келе жатат. Мындан сырткары экология маселеси өлкөгө опол тоодой коркунуч жаратып турган чак, Кумтөр болсо жаратылышка келтирип жаткан зыянга 300 миң доллардын тегерегинде гана каражат төлөп келген.

Бирок жаңы өкмөттүн келиши менен Кыргызстан Центерра сүйлөшүүлөрүндө кайсы бир деңгээлде жылыш башталды. Маселен Канадалык компания Кумтөр боюнча экологиялык төлөмдү 10 эсеге көбөйтүп, 3 млн доллар төлөмөй болууда. Мындан сырткары рекультивация фондундагы 23 млн. доллар чет мамлекеттин юрисдикциясынан Кыргызстанга которулат, бул каражат атайын келишим менен рекультивацияга керек болгон учурда өлкөнүн экономикасына иштейт.
Премьер-министр Сапар Исаков өз сөзүндө Кумтөрдү башкаруу стратегиясы толугу менен кайра каралып чыгат деп билдирди. Министрлер кабинетинин мындагы максаты- кендеги ыктымал болгон коррупциялык элементтерди кыскартуу болууда. Мындан сырткары жаңы өкмөт Центерра менен Улуттук онкология борборун техникалык жактан модернизациялоо багытына 10 млн доллар бөлдүрүү келишимине жетишти.