Жаңылыктар
Президенттик шайлоо: үгүт өнөктүгү башталды
Шайлоо 2023
Президенттик шайлоо: үгүт өнөктүгү башталды

Президенттик шайлоого аттангандарды каттоо аяктап, үгүт өнөктүгү башталды. Эми жарнамалык такталар талапкерлердин сүрөттөрүнө толуп, маалымат каражаттары алардын ураан, убадаларын элге жеткирет. Бул ирет үгүт жүрө турган убакыт мурдагыдан узагыраак, 34 күнгө созулат.

Президенттик шайлоодо ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендердин саны 59га жеткен. Бирок, белгиленген талапты аткарбагандар электен өткөн жок. Арасында 35 жашка чыга электери, мурда соттолгондор болсо, көпчүлүгү 30 миң кишинин колун чогулта албай жарыштан четтеди. Себеби, топтолгон кол тамгалар текшере келгенде жараксыз болуп чыккан. Бардык талаптарды аткарган 13 адамга гана талапкер макамы берилди. 

Жалпысынан 2375 шайлоо участкалары уюшулуп, алар тиешелүү жабдуулар менен камсыз болду. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү таза, ачык өтөөрүн белгилейт. Биометрикалык маалыматтар аркылуу шайлоого катышуу кайталап добуш берүүнүн алдын алса, электрондук урна бюллетендерди топ тобу менен салууга жол бербейт деп буга чейин сыналган тажрыйбаны мисал келтирүүдө. Негизги кооптоно турган жагдай катары добуштарды сатып алуу ыкмасы экени айтылды. Бул талапкерлердин жана алардын тарапташтырынын аракеттерине гана байланыштуу.