Жаңылыктар
Кыргызстандык мушкер Шевченко атаандашы Нуньеске жеңилип калды
Спорт
Кыргызстандык мушкер Шевченко атаандашы Нуньеске жеңилип калды

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бразилиялык атаандашы Аманда Нуньес менен реванш-беттешке чыгып, жеңилип калды. Эки мушкердин беттеши UFC-215 турниринин алкагында Канаданын Эдмонтон шаарында өтүп, кармаш беш раундка созулду. Натыйжада Нуньес - Шевченкодон 1 гана упай алдыга озуп, 48-47 эсеби менен жеңишке жетти.

Таймаш 10-сентябрда "Rogers Place" жабык залында уюштурулду. Аманда Нуньес 2016-жылы UFC чемпиону аталган. Ал эми Валентина Шевченко учурда UFC турнириндеги аялдар арасындагы жеңил салмак категориясында биринчи орунда турат. Шевченко менен Нуньес 2017-жылы июль айынын башында эле мушташмак, бирок бразилиялык мушкер беттешке саналуу сааттар калганда өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган. Спортчу кыздар буга чейин да кездешкен. Анда Нуньес көп упай топтоп, жеңишке жеткен.