Жаңылыктар
АКШ: "Ирма" бороону Флорида штатына жетти
Дүйнө
АКШ: "Ирма" бороону Флорида штатына жетти

Ылдамдыгы 210 чакырымга жеткен шамал менен коштолгон "Ирма" бороону АКШнын Флорида штатын көздөй багыт алды. Катуу бороон штаттын батыш жээгинде жайгашкан Тампа шаарына жетери күтүлүүдө. Ишембиде бороондун кубаттуулугу эң кооптуу делген бешинчи даражадан үчүнчүгө түшкөн. 

Бирок Куба аралынан өткөн соң кайра күч алып, төртүнчү даражага жеткенин синоптиктер маалымдашты. Флориданын губернатору Рик Скотт жээкте отурукташкан беш миллиондон ашуун адамды коопсуз жайларга көчүрүүнү буйруду. Бул штаттын калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Жекшемби таңда Атлантика океанынан келген Ирма бороон-чапкынынан улам Маями шаарынын бир бөлүгү суу алдында калды. Жергиликтүүлөр каптаган суунун бийиктиги 60 см ге чейин жеткенин айтышууда.

Ирма бороону Кариб чөлкөмүндө 27 кишинин өмүрүн алганы кабарланды.