Жаңылыктар
Ташкентте 7 тонна палоо жасалды
Дүйнө
Ташкентте 7 тонна палоо жасалды

Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрү Ташкентте 7,36 тонна көлөмдөгү ашты даярдоо боюнча дүйнөлүк рекордду катташты. Аш O’zbegim деп аталган салттуу маданият фестивалынын алкагында 6 саат бою, 50 ашпозчунун катышуусунда даярдалды. 

Адистердин айтымында, өзбек ашынын 100дөн ашуун түрү бар. Бул жолкусунда “ташкенттик үлпөт той ашы” жасалды. Guinness World Records уюмунун вице-президенти Ричард Стэннинг уюштуруучуларга дүйнө жүзүндө каттала элек палоонун рекорд китебине жазыла турганын тастыктай турган тиешелүү сертификатын тапшырды. Даярдалган аш фестивалдын катышуучулары менен меймандарга таратылды. Артып калган бөлүгү балдар, карылар жана майыптар үйлөрүнө жеткирилип берилген.