БШК шайлоо системасынын техникалык көзөмөл жагын өз колуна алды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин жалпы көзөмөлдү долбоорду ишке ашырууга жардам берген эл аралык адистер жүргүзүп келген. Эми кыргызстандык 10 адис атайын окуудан өтүп, бардык коддорду өз колуна алды. БШК төрайымы маалымдагандай, шайлоочулардын эң көп саны Бишкек жана Ош шаарларында.
Бишкекте 234 шайлоо участогунан тышкары 33 кошумча участок иштейт. Ал эми Ош облусу боюнча 561 участок бар. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт, талапкерлердин саны 13 адам.