Жаңылыктар
Мексикадагы жер титирөөдөн 90 киши каза болду
Дүйнө
Мексикадагы жер титирөөдөн 90 киши каза болду

Мексиканын түштүк райондорундагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны токсонго жетти. Оахака штатында 71, Чьяпаста 15, Табаско штатында төрт киши зилзаланын курмандыгы болду. 

Сейсмологдор билдиргендей, Тынч океандын жээгинде, Мексиканын Чьяпас штатындагы 7-сентябрдагы силкинүүнүн күчү 8,2 баллды түзгөн. Жер титирөө кайталанып жаткандыктан жаратылыш кырсыгы болгон райондордун көптөгөн жашоочулары көчөлөрдө түнөп жатышат. АКШнын геология кызматы аймакта 4,5 жана андан жогорку баллдагы 60ка жакын силкинүүнү каттаган.