Жаңылыктар
Бүгүнкү спорттук мелдеште КТРКнын командасы мыкты оюн көрсөттү
Спорт
Бүгүнкү спорттук мелдеште КТРКнын командасы мыкты оюн көрсөттү

Өлкөнүн негизги телеканалдары менен жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кыз-келиндери арасында өткөн турнирде Коомдук биринчи каналдын командасы - эстафета жарышы боюнча биринчиликти багындырды. Оюн негизинен спорттун волейбол түрү боюнча уюштурулган. Ага ылайык, бул жаатта кайтаруу жана күзөт департаменти жеңишке жетишти.

Оюнга КТРК, ЭлТР, НТС телеканалдарынын командалары катышып, КТРКнын оюнчулары жалпы эсепте экинчи орунга ээ болду. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө кубок менен дипломдор тапшырылды. Белгилей кетсек, иш-чара 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган.