Жаңылыктар
Талдоочулар: Атамбаев баштаган иштер уланышы керек
Саясат
Талдоочулар: Атамбаев баштаган иштер уланышы керек

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев баштаган иштер уланышы керек. Кыргызстан тышкы саясаттан өз  ордун таап, республикада ички саясий туруктуулук орун алды дешет эксперттер. Талдоочулар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттун университетинде чогулушуп, “Кыргызстандын президенти Алмазбек  Атамбаев, иш  жыйынтыгы”,-деп аталган тегерек  столдо  2011-2017-жылдары  мамлекет  башчы Алмазбек  Атамбаевдин  башкаруусу алдында өлкөнүн ар тараптуу өнүгүүсүн  талкулашты. 

Тегерек столдун катышуучулары адамзаттын цивилизациясында эч качан түптөлгөн  пайдубалды бузуу жакшылыкка  алып келбегендиги далилденгендигин билдиришип, 6 жылда Кыргызстан өзүн эл аралык жана жергиликтүү коомчулукка жакшы жагынан гана тааныта алды. Ийгилик иштердин  мындан ары да уланарына бир ооздон ишеним артышты.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"