Жаңылыктар
Ысык - Көлдүн Чоң-Ак-Суу капчыгайында өрт чыкты
Кырсык
Ысык - Көлдүн Чоң-Ак-Суу капчыгайында өрт чыкты

Көлдүн Чоң-Ак-Суу капчыгайында чыккан өрттү кечээтен бери өчүрүүгө аракет кылып жатышат. ӨКМдин маалыматы боюнча, капчыгайдагы беш гектар аймакта куураган чөп күйгөн. 

Өрт 10-сентябрда саат 14:30да чыккан. Учурда тилсиз жоону ӨКМдин 43 кызматкери жана жакынкы айылдардан тартылган 20 киши өчүрүп жатат. Жекшемби күнү бир гектар жердеги өрт өчүрүлгөн. Түндө өрт өчүрүү аракеттери токтоп, таңкы саат 6:30да кайрадан уланды.