Жаңылыктар
Өкмөт менен Centerra Gold компаниясы жаңы келишимге кол койду
Экономика
Өкмөт менен Centerra Gold компаниясы жаңы келишимге кол койду

Өкмөт Centerra Gold Inc. компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык жаңы келишимге кол койду. Стратегиялык келишим узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашкан. Ага ылайык, "Кумтөрдү" иштетүүдө экологиялык абалга өзгөчө көңүл бурулат.

Келишимде көрсөтүлгөндөй Centerra Gold Inc. айлана-чөйрөнү, өзгөчө Ысык-Көл акваториясын коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүү үчүн мойнуна жаңы милдеттенмелерди алды. Түзүлүп жаткан Жаратылышты өнүктүрүү фондусуна 50 миллион доллар салынат. Муну менен катар жыл сайын экология үчүн төлөнчү каражат 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин өсөт. 

"АМЕС" эл аралык экологиялык компаниясынын сунушу менен кендин өзүндө дагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өтө турган иш-чараларды каржылоо көбөйө турганы белгиленген.Ошондой эле, "Кумтөр" долбоорун рекультивациялоо боюнча фонддун түзүлүшүнүн механизми так аныкталган. Тагыраагы, калыбына келтирүү иштери аяктаганга чейин компания жыл сайын 6 миллион доллар которуп турат. Бул каражаттын көлөмү 69 миллион доллардан кем болбойт. Социалдык өнөктөштүктүн алкагында канадалык инвесторлор Бишкектеги онкологиялык борборду техникалык модернизациялоодон өткөрүүгө 10 миллион доллар бөлмөй болду.