Жаңылыктар
Кылмыш кылганга кылтак
Кылмыш
Кылмыш кылганга кылтак

Өткөн жылы өлкөнүн түзөтүү мекемелеринен 1 миң 639 адам бошотулган. Бул тууралуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренесине ылайык шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бир миң 265 адам бошогон. 

"Буга чейин кээ бир маалымат каражаттары шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошогон адамдардын бардыгы кайрадан кылмышка барып жатат деген маалымат таратышты. Бирок бул чындыкка дал келбейт деп, - белгилейт Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы.

Өткөн жылы шарттуу- мөөнөтүнөн мурда бошотулган жарандардын ичинен 92 адам, же эркиндикке чыккандардын жалпы санынын 7,3 пайызы кылмыш кылгандыгы үчүн кайрадан кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан.