Жаңылыктар
БШК "Сенин добушуң - сенин келечегиң!" аттуу акциясын өткөрдү
Шайлоо 2023
БШК  "Сенин добушуң - сенин келечегиң!" аттуу акциясын өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкекте "Сенин добушуң - сенин келечегиң!" аттуу акциясын өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты - жаштарга өлкөнүн саясий системасын түшүндүрүү жана шайлоо процессинин жаңычылыктары менен тааныштыруу болду.

10-сентябрда президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Мындан улам Боршайком эл арасында шайлоо процесси жана ага катышуунун маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрмө иштерин уюштурууда. Алардын бири “Сенин добушуң - сенин келечегиң!” акциясы.

Кыргызстанда жалпы 6 милиондон ашык адам жашаса, алардын 52 пайызы 40 жашка чейинкилер. Ошондуктан жаштарга добуш берүү - бул жарандык парз, ал эми бүгүн кылган тандооң эртеңки келечегиңе таасир берерин түшүндүрүү зарыл. 

Автоматтык эсептегич урналар, биометрикалык каттоо, мындай технологияларды колдонуу ачык жана таза шайлоону өткөрүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстан бул багытта дүйнө жүзүнө үлгү болууда.

Иш-чаранын катышуучулары дал ушул технологияларды иш жүзүндө көрүп, шайлоо процессине катышып көрдү. Уюштуруучулар билдиргендей, мындай акциялар өлкөнүн жети дубанында тең өткөрүлөт. Иш-чара чакан концерттик программа менен коштолду.