Жаңылыктар
Көпчүлүк студенттер визанын айынан Кытайга кете албай жүрүшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Көпчүлүк студенттер  визанын айынан Кытайга кете албай жүрүшөт

Көпчүлүк студенттер ушул учурда визанын айынан Кытайга кете албай жүрүшөт. Документин тапшырып коюп, визасын күткөндөрдүн саны элчиликтин имаратынын алдында азая элек. Айрымдары үч жумадан бери кезекте турганын айтып, даттанышууда.

Студенттердин айтуусунда, дүйшөмбүдөн жумага чейин ушундай абал. Күндө эрте менен келип кезекке турмай, убакыт жетпей калганда кайра кетишет. Айрымдары түндөп ушул жерде жатып калганын айтышууда. 

Бул кыз Үрүмчүдөгү Синьзян университетине кабыл алынган. 20-сентябрга чейин окуу жайга барышы керек. Бирок үч жумадан бери виза ала албай элчиликтин эшигин кайтарып жүргөнүн айтты. 

Маселе боюнча Кытай элчилигине кайрылганыбызда жооп берүүгө убакыт керектигин айтышты. Тышкы иштер министрлиги болсо катуу кезек күтүүлөр артта калып, азыр абал турукташып калганын билдирди. Анткени сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кытай тарап студенттерден визага документтерди кабыл алуу күндөрүн көбөйткөн. 

Студенттер үчүн документ кабыл алуудагы кошумча берилген күндөрдүн мөөнөтү 15-сентябрда аяктайт. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, жылына Кытайга окууга 500дөн ашык студент виза алат. Булар гранттык негизде билим алгандар, мындан сырткары, өз каражатына окуган студенттер да бар. 

Былтыр 30-август күнү элчиликте болгон терактан кийин Кытайга виза берүү убактылуу токтогон. Андагы жардыруудан улам документ жасоочу аппарат жабыркап, Кытайда окуган Кыргызстандын 300 студенти билим алуусун уланта албай калганы айтылган.