Жаңылыктар
Бишкектин Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөк толук жаңыланып бүттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөк толук жаңыланып бүттү

Бишкектин Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдынан жөө адамдар өтүүчү өтмөк толук жаңыланып бүттү. Аны ачуу аземине шаардык бийликтин өкүлдөрү катышты. Калааны көрктөндүрүү максатында жасалган иштер муну менен эле чектелбейт. Жер алдынан өтүүчү өтмөктөр менен жолдун үстүнөн кете турган көпүрөлөр кооздук үчүн гана эмес, жол коопсуздугун камсыз кылууда дагы маанилүү. 

Жер алдындагы өтмөктү жаңылоого 27 миллион сом сарпталган. 40 жылдан бери оңдолбогон жайды жакшыртууда заманбап курулуш каражаттары пайдаланылды. 

Үч айдан бери жабык турган жер алдындагы өтмөк калаа тургундарына кайрадан кызмат кыла баштады. Аны ачуу аземине калаа башчысы катышты. Курулуш иштери жер алдындагы өтмөктөрдү жакшыртуу менен эле чектелген жок. Борбор калаанын башка жеринде тургундар эми жол үстүнө салынган көпүрөдөн дагы өтө алышат.

Шаарга көрк берген жаңы инфраструктураны курууга 18 миллион сом бөлүнгөн. Узундугу отуз үч метрлик өтмөк 10 күндүн ичинде толук бүткөрүлүп, колдонууга берилет. Бишкекте ал жалгыз болбойт.

Келээрки жылы Чүй-Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жана Ош базарына жакын жерде да жер үстүнөн өтмөктөр курулат. Шаар бийлиги мындай көпүрөлөрдү курууда атайын эл көп жүргөн, автоунаалар тыным албаган жерлерди тандап алган.