Жаңылыктар
Борбор калаада “Ак калпак күнү” белгиленди
Маданият
Борбор калаада “Ак калпак күнү” белгиленди

Бүгүн борбор калаанын Ала-Тоо аянтында  жылдагыдан да шаңдуу, жандуу уюштурулган “Ак калпак күнү” белгиленди. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү майрамдын урматына студенттердин колунан  3 метрге чамалаган калпак жасалып бүтүп, эл алдына коюлду. 

Маданият, маалымат жана туризм министри менен биргеликте саясаттагы белгилүү адамдар келип катышты. Салтанатка карата мыкты деңгээлде уюштурулган шоу-программа  майрамдын катышуучуларына жагымдуу маанай тартуулай алды.  


2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жаткан бул майрам, бир эле борбор калаада да эмес Кыргызстандын башка аймактарында да уюштурулуп, өткөрүлдү. 

Ал эми кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып, мурас катары калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары балоо максатында демилге көтөргөн режиссер Рысбек Жабиров болгон.


Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн маданият министри Алтынбек Максутов  “Ак калпак күнү” расмий түрдө майрам болбосо да, кыргыз эли үчүн чоң майрам экенин жана келерки жылда  мамлекеттик деңгээлдеги расмий майрам катары өткөрүүгө министрлик тараптан аракеттер, сунуштар болоорун билдирдип, төмөндөгүлөрдү кошумчалай кетти:

Ак кар баскан Ала Тоонун чокуларын  чагылдырган улуттук баш кийимибиз Кыргыз жигиттерине айбат,сүр берип,  айкөлдүгүн көргөзүп эң негизгиси Ак калпагы менен алар ар дайым бийик экенин  даңазалап келет. Баарыбызда эле ушундай сезим пайда болсо керек, жапырт ак  калпак кийген мырзаларды көргөндө көкүрөктө мекенчил сезим күчөп, Кыргыз болуп  жаралганыбызга сыймык артабыз. Кыргыз эли баш кийим аркылуу аны кийип  жүргөн адамдын жаш курагын, коомдогу оордун, статусун айтып беришкен. Ал эми ак  калпак Кыргыздын Тоого жакын, ниети ак, мүнөзү курч жана бийиктикте турган эл  экенин сурөттөп берет.Касиети бийик Калпактын кадыры да жогору  жана ар дайым жогору бойдон калышы керек. Аны муундан- муунга сактап, кыргыз  жигиттери башынан түшүрбөй кийип жүрсө деген изги тилек менен бүгүнкүдөй жакшы  саамалыктар уюштурулуп, өтүп келет. Тилибиз барда- улут бар, маданиятыбыз барда- келечек бар ал эми  ак калпак барда- Кыргыз бар. Элибиздин эртеңине дагы улуттук баалуулук, кайтпас  кайрат, касиетибиз менен баралы.