Жаңылыктар
"Ала-Тоо 24" телеканалынын түптөлгөнүнө 1 жыл толду
УТРК жаңылыктары
"Ала-Тоо 24" телеканалынын түптөлгөнүнө 1 жыл толду

 

Бүгүн, КТРК курамындагы "Ала Тоо 24"  телеканалынын уюшулганына 1 жыл толду. 2016-жылдын 12-сентябрында Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Ала Тоо 24" телеканалы алгачкы ирет түз обого чыккан. 

Ошол күндөн бери телеканал 24 саат бою тынымсыз обого чыгып, жаңылык менен көрүүчүлөрдү камсыз кылып турат. 

Жаңылыктардан сырткары атайын репортаж, "Маек", "Өзөктүү маселе" өңдүү күн сайын эфирге чыгуучу программалар бар. "Ала-Тоо 24" каналы коомчулукту жаңылык менен күнү-түнү кабардар кылган эң биринчи жана учурдагы жалгыз канал.