Жаңылыктар
"Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторунун жаңы варианты жарык көрдү
Маданият
"Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторунун жаңы варианты жарык көрдү

"Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторунун жаңы варианты жарык көргөндүгүн Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты. Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Мамбет Чокморов, Тоголок Молдо, Жаңыбай Кожековдун оозунан жазылып алынган материалдар, УИАнын кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турган. "Эпостун тексти манасчылардын оозунан түз жазылып алындыктан, эч өзгөртүүсүз берилди. 

Тексттин аягында сюжеттик линияда кездешкен каармандардын аттары, жер-суу, эл, уруу аталыштары жана орус, араб, фарс тилинен кирген айрым сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү кошулган. Үчилтиктин 1-бөлүгү жалпы 61 миң, жалпысы 203 миңге жакын саптан турат. 

Бүгүнкү күндө аталган фонддо Молдобасан Мусулманкуловдун айтуусунда, сыя пайдаланылып жазылган үчилтиктин 1-бөлүгүнө тиешелүү 11 дептер сакталуу турат.