Жаңылыктар
Өлкө аймактары таза суу менен камсыз болот
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймактары таза суу менен камсыз болот

Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул жана Балыкчы шаарлары таза суу менен камсыз болуп, канализация системасы оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин профилдик комитетинде сөз болду. Эми эл аралык донорлор кичи шаарларды таза суу менен камсыз кылуу тутумун оӊдоо багытына каражат бөлөт. Депутаттар долбоорлорду ишке ашырууга алынчу насыяларга, аларды кайра кайтаруу маселесине токтолуп, бир катар сындар да айтылды.

Ал эми комитеттеги талкууда макулдашуунун шартына ылайык, долбоорлор жүзөгө ашкандан кийин таза сууга болгон тариф 104%га жогорулай тургандыгы жана насыялык төлөмдөр таза суу төлөмүнүн эсебинен төлөнө тургандыгы белгилүү болду. Депутаттар бир катар талашып-тартышуулардан соң, Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Өзгөн шаарларынын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумунун системасын оңдоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларды ишке ашыруу жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"