Жаңылыктар
Күнөскана иштеткен дыйкан айымдардын катары көбөйөт
Айыл чарба
Күнөскана иштеткен дыйкан айымдардын катары көбөйөт

Республикада күнөскана иштеткен дыйкан айымдардын катары көбөйөт. Бул багытта “Жакшыдан зор өсүштөргө” долбоорунун алкагында аракеттер ишке ашырылууда. “Жашыл чарба” агрохолдинг менен “Атуул” бириккен уюму биргеликте айымдар арасында күнөскана иштетүү ишмердиги боюнча акысыз окууларды өткөрө баштады. 

Жергебизде күнөсканалардын  саны көбөйгөнү жашылча –жемиштерди кышында да базарларда арзан баада сатып  алууга мүмкүндүк жаралды. Буга айрыкча  маани берген элет жерлеринде күнөскана ачып, иштетүүгө кызыккандардын саны  арбууда.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"