Жаңылыктар
Көчмөндөр оюнунун жобосу бекитилди
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюнунун жобосу бекитилди

Быйыл экинчи бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну 3-8-сентябрга чейин Ысык-Көлдө өтөт. Бул тууралуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Шейшенкул Бакиров билдирди.

Анын айтымында, 4-мартта Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кирген төрт мамлекеттин спорт министрлери иш-чаранын жобосунун акыркы вариантына кол коюшту. Маалыматка ылайык, бул жолу көчмөндөр оюнунда 40 мамлекеттин балбандары спорттун 20дан ашык түрү боюнча күч сынашмакчы.

Учурда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп, уюштуруучулар бул жолу көчмөндөр оюну өтчү аймактарда тазалыкты сактоо маселесине да көбүрөөк көңүл буруларын билдиришүүдө. Ал эми спорт оюндарынын Улуттук түрлөрү боюнча Дирекциянын жетекчиси Алмазбек Касенов, көчмөндөр оюнунун бюджети жана байге фонду азырынча аныктала электигин белгиледи.