Жаңылыктар
Ала-Букада бейтаптардын таржымалын түшүргөн электрондук база иштей баштады
Ден соолук
Ала-Букада бейтаптардын таржымалын түшүргөн электрондук база иштей баштады

Ала-Бука райондук ооруканасында кайрылган бейтаптардын таржымалын түшүргөн электрондук база иштей баштады. Эми дарыгерлер бейтап тууралуу маалыматтын баарын кагазга түшүрүп отурбастан, электрондук базага киргизет. Бул ыкма ишти ыкчамдатып, кезекке тургандардын санын азайтат. 

Аны менен катар эле дарыланууга кеткен ашыкча чыгымдарды кыскартат.Иш-чарага катышкан саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында буга чейин электрондук бейтап баяны түштүк аймактын ооруканаларында болгон эмес. 

Алгачкы жолу Ала-Бука райондук аймактык ооруканасында иштеп баштады. Батыралиев кошумчалагандай, мындай электрондук ыкма жер-жерлердеги ооруканаларга акырындык менен киргизилүүдө.