Жаңылыктар
"Ала Тоо 24" каналынын уюшулганына 1 жыл толду
УТРК жаңылыктары
"Ала Тоо 24" каналынын уюшулганына 1 жыл толду

"Ала Тоо 24" каналынын уюшулганына 1 жыл толду. 2016-жылдын 12-сентябрында Коомдук телерадио берүү корпорациясынын "Ала Тоо 24" каналы алгачкы ирет түз обого чыккан. Канал 24 саат бою тынымсыз обого чыгып, жаңылык менен көрүүчүлөрдү камсыз кылып турат. 

Жаңылыктардан сырткары, "Атайын репортаж", "Маек", "Өзөктүү маселе" өңдүү күн сайын эфирге чыгуучу программалар бар. "Ала-Тоо 24" каналы коомчулукту жаңылык менен күнү-түнү кабардар кылган эң
биринчи жана учурдагы жалгыз канал.