Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында ИДПнын өсүшү алдын ала баалоо боюнча 282 млрд сомдон ашып, жети пайызга чукулдады.
Бул Кыргызстандын экономикасын андан ары өнүктүрүп кетүүгө мыкты шарт – дешет талдоочулар.
Ал арада өлкө экономикасынын келечектүү багыттары аныкталып, туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында бир катар улуттук долбоорлорду ишке ашыруу уланууда.
Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"