Жаңылыктар
Сапар Исаков кыргыз-өзбек макулдашууларын ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү
Саясат
Сапар Исаков кыргыз-өзбек макулдашууларын ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү

Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапары маанилүү окуя болуп калды. Эми Өкмөт жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча максималдуу чараларды көрүшү керек. Премьер-министр эки мамлекеттин Өкмөттөрү тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери боюнча атайын иш чаралардын планы бекитилгенин айтып, мамлекеттик органдардын жетекчилерине Ведомстволор аралык жумушчу планда көрсөтүлгөн бардык пунктарды сапаттуу аткарууну тапшырды. 

Мындан тышкары, Өкмөт башчы кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо жана тактоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Жыйындын жүрүшүндө экономика министри Артем Новиков - президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстан Республикасына боло турган жооптуу мамлекеттик сапарынын алкагында бизнес форум өткөрүлөрүн жана Кыргызстандын ата мекендик товарларынын көргөзмөсүн өткөрүүгө карата кызуу даярдыктар жүрүп жатканын маалымдады.